
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушуп, өлкөнүн экономикалык өсүшү жана негизги тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулады.
Жолугушууда акыркы 4 жылда Кыргызстандын ички дүң продукциясы орточо 10,2% өсүп, 2025-жылы 11,1%га жеткени белгиленди. Айрыкча кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү баса көрсөтүлүп, айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы айтылды.
Тараптар айыл чарба продукциясын кайра иштетүү кошумча нарк түзүп, экспортту кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болорун белгилешти. Ошондой эле бул тармак өнөр жай үчүн чийки зат базасын камсыздап, экономиканын өз ара байланышын күчөтөрү айтылды.
Мындан тышкары, Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор талкууланды.
Ошондой эле жолугушууда 2025-жылы Кыргызстанда 273 миңден ашуун жаңы жумуш орду түзүлүп, негизги капиталга инвестициялар 18,4%га өскөнү белгиленди. Дүйнөлүк банк айыл чарба, энергетика жана адамдык капиталды өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.



