
Суу ресурстары министрлиги суу үнөмдөөчү технологияларды, анын ичинде заманбап сугат системаларын киргизүү үчүн жеңилдетилген насыя программасы башталганын билдирди.
Программанын жалпы көлөмү 500 млн сомду түзөт. Насыя жылына 2% менен 7 жылга чейин берилет, 12 айга чейинки жеңилдетилген мөөнөт каралган.
Колдоо сугат системаларын сатып алуу жана орнотууга багытталган. Насыя берүү «Мамлекеттик финансылык холдинг» аркылуу ишке ашат.



