
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда айылдарга белгилүү адамдардын атын берүү маселеси талкууланып жатканын билдирди.
Анын айтымында, мындай демилгелер коом ичинде талаш-тартыштарды жаратышы мүмкүн, анткени кайсы тарыхый инсанга ат берүү туура деген пикир келишпестиктер пайда болот.
Мамлекет башчысы Алай районундагы жолугушууда бир айылга Алымбек Датканын атын берүү сунушталганын белгилеп, мындай чечимдерди кабыл алууда коомдук ынтымакты сактоо маанилүү экенин айтты.



