
.
Ысык-Көл облусунда кардын калың жаашынан улам кыйындаган Түп–Кеген эл аралык унаа жолу жана Каркыра–Турук–Сары-Жаз унаа жолу толугу менен ачылды. Учурда эки багытта тең унаалар үзгүлтүксүз каттап жатат.
Жол тейлөө кызматтарынын маалыматына караганда, №4 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолду кеңейтүү жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле атайын техникалар тартылып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чаралары көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, 15-ноябрда Ысык-Көл облусунда тынымсыз кар жаап, Түп–Кеген жолунун 33–76-чакырымдар аралыгында кардын калыңдыгы 30–40 сантиметрге жеткен.
Ал эми Каркыра–Турук–Сары-Жаз жайлоосуна кеткен жолдун 16-чакырымында 40 сантиметрге чейин, Түптөн Каркыра айылына чейинки тилкеде 10–20 сантиметр кар катталган.
Жол тейлөө кызматкерлери каттамды калыбына келтирүү үчүн күнү-түнү иш алып барышкан.



