
.
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев кийинки жылы пенсияларды көбөйтүү пландалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, быйыл пенсияны 7%га жогорулатуу үчүн 1,3 млрд сом бөлүү каралган. Бирок жыл башында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн эске алуу менен пенсияларды 20%га көтөрүү чечими кабыл алынган.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев пенсия жана социалдык төлөмдөр көбөйгөнү менен инфляциянын айынан бул өсүш жарандарга анчалык сезилбей жатканын белгиледи.
Бактияр Алиев мыйзамга ылайык, пенсияны жогорулатууда өткөн жылдагы инфляциянын деңгээли жана орточо айлык акынын өсүшү эске алынарын түшүндүрдү. Бул көрсөткүчтөргө ылайык, быйыл пенсия 13%га көбөйүшү керек болчу. Бирок Социалдык фонд бул көрсөткүчтөн жогору чечим кабыл алып, пенсияларды 20%га жогорулатканын кошумчалады.



