
.
2026-жылдын 17-ноябрында Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахмановдун (1927–1933) ишмердүүлүгүнө арналган илимий конференция өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын тарыхчы-окумуштуулары катышып, анда Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү орду жана 1932-жылдары ачарчылыктан качып келген жүз миңдеген казактарды сактап калуудагы тарыхый эмгеги талкууланды.
Конференциянын жүрүшүндө казак окумуштуулары Жусуп Абдрахмановдун казак элин сактап калууга кошкон салымын эскерүү жана кыргыз-казак бир туугандыгын даңазалоо максатында анын эстелигин Алматы же Астана шаарларынын бирине тургузуу демилгесин көтөрүштү. Бул сунушту Казакстандын жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткирүү пландалып жатканы айтылды.
Мындан тышкары, конференцияда 1932-жылдардагы саясий репрессиялардын тарыхын изилдөөгө кошкон салымы үчүн кыргызстандык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору Болотбек Жумашевич Абдрахмановго Казакстан Көркөм академиясынын атайын диплому жана алтын медалы тапшырылды.
Белгилей кетсек, Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына чоң салым кошкон мамлекеттик ишмерлердин бири. Ал 1932-жылдагы Казакстандагы ачарчылык учурунда оор абалда калган казак элине жардам көрсөтүү демилгесин колдогон тарыхый инсандардын катарына кирет.



