
.
Бишкекте вакциналарды сактоо үчүн заманбап талаптарга жооп берген жаңы кампа пайдаланууга берилди. Долбоорго 9,6 млн сомдон ашык каражат жумшалган.
Кампа Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун базасында жайгашып, эки кабаттан турат.
Курулуш Министрлер кабинетинин вакциналарды сактоочу кампа куруу боюнча тескемесинин негизинде ишке ашырылган. Каржылык колдоону Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (Gavi) көрсөтсө, техникалык көмөк ЮНИСЕФ тарабынан берилген.
Жаңы жайда вакциналар «муздак чынжыр» талаптарына ылайык, белгиленген температурада сакталат. Бул борбор калаадагы медициналык мекемелерди вакциналар менен өз убагында жана үзгүлтүксүз камсыздоого шарт түзөт.



