
.
Бүгүн, 18-ноябрда, өлкө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында шайлоо инфраструктурасын жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлүүдө. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Тестирлөө өлкө боюнча 2 492 шайлоо участогун, ошондой эле Бишкек шаарындагы «Дордой Плаза» соода борборунда жайгашкан аралыктан добуш берүү участогун камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров аталган участкага барып, аралыктан добуш берүү тартибин көрсөтүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Тестирлөөнүн негизги максаты — шайлоо инфраструктурасынын жана техникалык жабдуулардын алдыдагы президенттик шайлоого даярдыгын текшерүү.



