
.
«Жанар Акаевди Оштун ханы кылып шайладыңар беле?»: Камила Талиева мэрди сынга алды
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин дарегине сын айтып, анын шаардагы депутаттардын ишине байланыштуу билдирүүлөрүнө нааразычылыгын билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, октябрь айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Ош шаарында көчмө жыйын өткөргөн. Депутаттар шаардан кеткенден кийин мэр муниципалитеттин кызматкерлерин чогултуп, депутаттардын сөзүнө кулак салбоо жана кадр маселесине кийлигишкендер болсо билдирүү керектигин айткан.
Талиева бул боюнча нааразычылыгын билдирип, мэрден кайсы депутат кадр маселесине кийлигишип жатканын ачык айтууну талап кылды.
«Кайсы депутат кийлигишип жатыптыр, аты-жөнүн ачык айтсын. Шакиевдин депутаттары келди деп блогерлерге байма-бай жаздырып атат. Өзүңдүн округуңда жүрбөйсүңбү дейт, Жанар мырза төрөлө электе мен ошол шаарда окуп жүргөм, Ош менин да шаарым. Эмне Акаевди Оштун ханы кылып шайладыңар беле? Жанар мырза саясий жактан да даяр эмес экен. Эртеңки шайлоого аралашам, мен чечем деп штаб ачып жатканын уктум», — деди депутат.



