
.
Бишкек шаарында жоогазындарды күзгү отургузуу иштери уланууда.Быйылкы сезондо борбор калаанын төрт районунда голландиялык сорттогу, беш түрдүү түстөгү 207 500 түп жоогазын отургузулууда.Райондор боюнча бөлүштүрүлүшү:- Биринчи Май району — 70 000 түп;- Ленин району — 60 000 түп;- Октябрь району — 50 000 түп;- Свердлов району — 27 500 түп.Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында түркүн түстүүлүгү жана кооздук сапаттары менен айырмаланган голландиялык жоогазын сорттору тандалып алынган. Беш түрдүү түстүн айкалышы жаз мезгилинде шаардын көркүн ачкан кооз гүл композицияларын жаратууга мүмкүндүк берет.Отургузуу иштеринин алдында топурак даярдалууда. Жоогазындын баштары 12–15 сантиметр тереңдикке отургузулуп, үстү топурак менен жабылат. Жоогазындарды күзүндө отургузуу агротехникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бул кышкы эс алуу мезгилинен өтүшү үчүн зарыл. Аталган процесс алардын толук кандуу өсүшүнө жана жазында гүлдөшүнө өбөлгө түзөт.2027-жылдын март–апрель айларында жоогазындар шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун жаркыраган жазгы гүлдөп турган көрүнүшү менен кубандырат. Шаардын көчөлөрү, парктары жана скверлери түркүн түстүү гүл композициялары менен көркүнө чыгып, жаздын жагымдуу маанайын тартуулап, Бишкекке өзгөчө ажайып кооздук тартуулайт.



