
спорт
Белгилүү балбан Жоломан Шаршенбеков Спортхаб каналына берген маегинде эмне үчүн буга чейин көп интервью бербей келгенин түшүндүрдү. Анын айтымында, ал маектерге Олимпиада чемпиону болгондон кийин гана активдүү катышууну пландаган.
«Олимпиаданын алтын медалын утуп алгандан кийин гана бардык медиаларга чыгам деп максат койгом. Ага чейин мүмкүн болушунча интервьюдан алыс болууну чечкем. Бардык көңүлүмдү жана күчүмдү күрөшкө буруу туура деп эсептедим», — деди спортчу.