
спорт
Белгилүү футболчу Криштиану Роналду алгачкы жолу Сауд Арабиясынын чемпиону болду. Чабуулчу ойногон "Аль-Наср" клубу чемпиондуктун акыркы турунда "Дамак" клубун 4:1 эсебинде жеңди. Бул беттеште Роналду 2 гол киргизип, чемпиондук оюндагы негизги каармандардын бири болду.
Сезондун жыйынтыгында "Аль-Наср" негизги атаандашы "Аль-Хилял" клубунан 2 упайга озуп, 7 жылдан кийин өлкө чемпиону наамын кайра кайтарды.
Бул трофей Роналду үчүн 2023-жылдын башында саудиялык клубга өткөндөн берки алгачкы расмий титул болду. Буга чейин команда Араб чемпиондорунун кубогун жеңген, бирок ал турнир расмий макамга ээ эмес болчу.
Криштиану Роналду Сауд Арабиясында алгачкы чемпиондугун жеңди