
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Бишкекте электросамокат, скутер жана мопеддердин жүрүшүн чектөө же аларга толук тыюу салуу маселесин карап чыгууга чакырды.
Эл өкүлүнүн айтымында, борбор калаада жөө адамдарды электросамокат жана мототранспорт сүзүп кеткен учурлар көбөйүп, адамдардын өмүрү менен ден соолугуна олуттуу коркунуч жаралууда. Бирок мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн жооптуу жетекчилер жетиштүү аракет көрбөй жатат.
Ошондой эле депутат "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамда зарыл болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана министрлер кабинети транспорт кыймылына чектөө киргизе алары так белгиленгенин эске салды. Ал жөө адамдар атүгүл тротуарларда басуудан чочулап калышканын белгиледи.