
.
Ички иштер министрлиги жарандарды акыркы мезгилде кеңири жайылып жаткан алдамчылык аракеттеринен сак болууга чакырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алдамчылар жарандардын ишенимине кирүү үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушат. Алардын арасында телефон аркылуу, интернетте, жасалма аккаунттар жана каржы пирамидалары аркылуу жасалган алдамчылыктар бар.
Атап айтканда, шылуундар өздөрүн банк же укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып, жарандардан банк картасынын маалыматтарын, SMS-коддорду жана сыр сөздөрдү сурашат.
Ошондой эле социалдык тармактарда арзан товарларды, оңой киреше табууну же чоң утуштарды убада кылып, алдын ала акча которууну талап кылган учурлар кездешет.
Мындан тышкары, алдамчылар белгилүү адамдардын же жарандардын тааныштарынын сүрөттөрүн колдонуп, жасалма аккаунттар аркылуу акча сурашы мүмкүн. Каржы пирамидалары болсо аз убакытта көп киреше табууну убада кылып, адамдарды акчасынан ажыратуу коркунучун жаратат.
Ушуга байланыштуу ИИМ жарандарга банк картасынын маалыматтарын жана SMS-коддорду эч кимге бербөөнү, белгисиз адамдар жөнөткөн шилтемелерге кирбөөнү жана шектүү сунуштарды кылдат текшерүүнү эскертти.
Эгерде алдамчылыкка туш болсоңуз же шектүү аракеттерди байкасаңыз, дароо 102 кыска номуру аркылуу милицияга кайрылуу сунушталат.



