
Индиянын Нью-Дели шаарындагы мейманканадагы өрттөн үч кыргызстандык каза болду
Индиянын Нью-Дели шаарындагы мейманканадан өрт чыгып, кыргызстандык 3 жаран каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардагы Florist Inn мейманканасында бүгүн, 3-июнда, кырсык болуп, жалпы 21 адам көз жумган.
Каза болгон кыргызстандыктар 76, 50 жана 23 жашта болушкан. Мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү Нью-Делидеги медициналык борборлорго дарылануу үчүн барышканы маалымдалды.Кыргызстандын Индиядагы элчилиги учурда каза болгон мекендештердин сөөгүн мекенге жеткирүү маселелерин карап жатат.