
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан жашы жете электердин арасында жол коопсуздугун камсыздоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө электросамокат жана велосипед айдап жүргөн өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгы белгиленди.
Кызматкерлер жашы жете электерге жөө өтмөктөн өтүүдө транспорт каражатынан түшүп, жөө өтүү керектигин эскертишти. Бул талап жол кырсыктарынын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү экени белгиленди.
Мындай алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантылат.