
17–19-апрель күндөрү Бишкектеги Улуттук футбол академиясынын оюн талааларында КФБнын элиталык футбол академияларынын арасында KFU Elite Youth Cup мелдеши өткөрүлөт.
Мелдеш U-13, U-14, U-15 жана U-16 жаш курактагы командалар арасында өтөт. Ага КФБ Улуттук футбол академиясы (Бишкек), «Барселона» футбол академиясы (Манас), А. Момунов атындагы футбол академиясы (Ош) жана Республикалык спорттук колледждин футбол академиясы (Бишкек) катышат.
Бул турнир 2025-жылдан тарта ишке ашырылып жаткан элиталык өспүрүмдөр академияларын өнүктүрүү программасынын алкагында уюштурулууда. Анын негизги максаты — жаш футболчуларга оюн тажрыйбасын берүү жана академиялар ортосундагы атаандаштыкты күчөтүү. Турнир жылына үч жолу өткөрүлөт.