
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча министрлеринин жана орун басарларынын III кеңешмеси болуп өттү.
Жыйынды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев ачып, фитосанитардык коопсуздук жана мамлекеттер аралык ишенимди бекемдөө маанилүү экенин белгиледи.
Катышуучулар карантиндик коопсуздук, сооданы өнүктүрүү жана фитосанитардык көзөмөлгө санарип технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында тараптар өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташууну күчөтүүгө багытталган протоколго кол коюшту.