
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу ыкчам темпте жүргүзүлүп жатат.
Айрым объектилерде, өзгөчө турак жайлардан алысыраак жайгашкан мектептерде, курулуш иштери эки нөөмөт менен уюштурулган. Күндүз орточо 80ге жакын жумушчу эмгектенсе, кечки сменде 30га жакын куруучу иш алып барууда. Кечки убакта негизинен тургундарга ыңгайсыздык жаратпаган иштер аткарылат.
Иштер Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмаларына ылайык жүргүзүлүүдө. Министрлик жаңы окуу жылына чейин объектилерди өз мөөнөтүндө бүткөрүү жана курулуштун сапатын камсыз кылуу талаптарын койгон.
Учурда бардык курулуштар үзгүлтүксүз жана жогорку ыргаакта жүрүп жатат. Мисал катары Кудайберген базары аймагындагы 1200 орундуу мектепти айтууга болот — анда фундамент куюу иштери аяктоо алдында турат.