
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандын арызы түшкөн. Ал өзүнүн кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу кайрылган.

Аталган жаран буга чейин алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Арызды текшерүү учурунда айрым милиция кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бийликтен аша чабуу белгилери аныкталган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси («Бийликтен аша чабуу») менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Октябрь райондук ИИБдин ыкчам кызматкерлери Т. у. И. жана У. А. У. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бардык жагдайларды тактоо максатында тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
ИИМ мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо бардык кызматкерлер үчүн милдеттүү экенин белгилейт.