
КР УКМК терроризмге каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн А.Т. аттуу жаранды кармап, Кыргыз Республикасына жеткирди.
Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, 37 жаштагы жаран социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу сот тарабынан экстремисттик деп таанылган материалдарды жайылтып, тыюу салынган уюмдардын радикалдуу идеологиясын пропагандалап жүргөн.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК терроризмди үгүттөө сөз эркиндигине жатпай турганын жана бул кылмыш жоопкерчилигин жаратарын белгилейт. Ошондой эле жарандарды сак болууга, диний маалыматты ишенимдүү булактардан гана алууга чакырат.