
14-апрелде Бишкек шаарына “Жаңы ысымдар” эл аралык студенттик театр фестивалына катышуу үчүн Түркиядан Мимар Синан атындагы искусство окуу жайынын студенттери жана окутуучулары келишти.

Конокторду аба майдандан Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУнун жамааты салтанаттуу тосуп алды.
14–18-апрель күндөрү өтө турган фестивалда түрк студенттери “Эшиктин артында” аттуу спектакли менен чыгышат. Белгилей кетсек, бул фестиваль быйыл Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган.



