
Бишкек шаарында шаар күнүнө карата 29-апрелде Ала-Тоо аянтында «Вальс кечеси» уюштурулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Иш-чарага бий сүйүүчүлөрү жана классикалык музыканы жактыргандар катыша алышат. Катышуучулар жазгы кечти өзгөчө атмосферада өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Кошумча маалымат алуу жана катышуу үчүн каалоочулар берилген байланыш номерлерине кайрыла алышат.