
Баткен облусунун Сүлүктө шаарында 384 орундуу Н. Кушматов атындагы мектептин курулушунда дубалдардын бекемдиги текшерилди.
Текшерүү Курулуш министрлигине караштуу адистер тарабынан жүргүзүлүп, кирпич кладканын сапаты атайын ыкма менен бааланды.
Жыйынтыгында курулуш иштеринин сапаты жана долбоор талаптарына шайкештиги боюнча корутунду берилет.



