
Бишкекте өтүп жаткан алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионатынын биринчи күнүндө эркин стиль боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
Эркектер жана кыз-келиндер арасында өткөн таймаштарда Кыргызстандын спортчулары жалпы 12 медаль утуп алышты.
Эркектер арасында алтын медалдарды Роман Сапаров (60 кг чейин), Эрболот Кааров (70 кг чейин), Мыктыбек Өмүрзак уулу (80 кг чейин) жана Ахрорбек Абдукаимов (100 кг чейин) жеңип алышты. Күмүш байгелерди Болотбек Туратов (90 кг чейин) жана Иманали Сагынали уулу (100 кг жогору) ээледи.
Кыз-келиндер арасында алтын медалды Асель Жакыпова (55 кг чейин) жана Айкол Зияпова (75 кг жогору) утса, күмүш медалдарды Бегайым Акбалаева (60 кг чейин), Күмүшай Аттокур кызы (70 кг чейин) жана Элмара Жайчибекова (75 кг чейин) алышты.



