
Бишкек шаарындагы курулуш объектинде техникалык коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча видео кайрылуунун негизинде Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти ыкчам текшерүү жүргүздү.
Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан 12 кабаттуу көп функционалдуу имаратта иш жүрүшүндө курулуш материалдары жерге түшүп, жакын токтоп турган унаага зыян келтирилген. Жабыркагандар катталган жок, бирок кырдаал жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында иш алып барган «Беш-Сары К» ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле аныкталган бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.



