
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан каракчылыкка шектүү жаран кармалды.
2026-жылдын 10-апрелинде УВДге жаран Б.Ш. арыз менен кайрылып, мал тааныш «Э.» аттуу эркек адамга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, ошол эле күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Аламүдүн айылында, Гоголь көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде шектүү курч буюм менен коркутуп, колуна жаракат келтирип, техникаларды жана iPhone үлгүсүндөгү телефонду алып качып кеткен.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1990-жылы туулган О.Э. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшү уланууда.



