
Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте GLOBALG.A.P. жана ISO 22000 стандарттары боюнча төрт күндүк окутуу өткөрүүдө.
13–14-апрелде GLOBALG.A.P., ал эми 15–16-апрелде ISO 22000 стандарттары боюнча сабактар өтөт. Тренингге агрардык жана кайра иштетүү тармагынын өкүлдөрү катышууда.
Окутуунун максаты — продукциянын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу, ошондой эле өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.



