
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарында курулуш объекттеринин техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын текшерди.
Рейддин жүрүшүндө бир катар объекттер каралып, курулуш ченемдерин жана коопсуздук эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Алардын ичинде Кулатов, Салиев, Сүюмбаев көчөлөрүндөгү турак үйлөр жана административдик, медициналык борборлор бар.
Натыйжада курулуш компанияларына эскертүүлөр берилип, техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптарын так сактоо милдеттендирилди.
Бишкек шаардык башкармалыгы бардык курулуш уюмдарын коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.