
12-апрелде Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Мелдеш 6–12-апрель күндөрү Жаштык Арена спорттук комплексинде өттү.
Чемпионатка Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн ашуун спортчу катышты.
Кыргызстандын курама командасы төмөнкү жыйынтыктарды көрсөттү:
Грек-рим күрөшү: 4 алтын медаль, командалык эсепте 2-орун;
Кыз-келиндер күрөшү: 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло, командалык эсепте 4-орун;
Эркин күрөш: 4 коло медаль, командалык эсепте 5-орун.