
Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, Токмок шаарында ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүүгө шектүү жаран кармалды.
Маалыматта айтылгандай, 5-мартта 45 жаштагы жаран таанышына карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Анын билдирүүсүнө ылайык, 3-мартта шектүү анын үйүнө келип, андан кийин дача аймагына алып барып, физикалык күч колдонгон.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучуга ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилген деп табылган.
Факт боюнча иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.