
Бишкектеги Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында акимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары башталды. Бул тууралуу 13-апрелде Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Окутуу 13–16-апрель күндөрү өтөт. Биринчи этапта Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жалпы 22 аким катышууда.
Экинчи этап 20–23-апрелде Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын акимдери үчүн өткөрүлөт.
Курстардын максаты — мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу, жергиликтүү жетекчилердин кесипкөйлүгүн жана башкаруучулук жөндөмдөрүн өнүктүрүү.