
VAR системасы боюнча өткөрүлгөн окуунун жыйынтыгында 4 калыс, 6 жардамчы калыс жана 4 оператор ФИФАнын лицензиясын алышты.
Окуу 2025–2026-жылдары өтүп, жыйынтыктоочу этап 2026-жылдын 31-марты жана 1-апрелинде уюштурулду. Тренингди АФК инструктору Валентин Коваленко өткөрдү.
Лицензия алган адистер эми Кыргызстандын Жогорку лигасында VAR системасын колдонуу менен иштөөгө укуктуу. Учурда өлкөдө жалпы 33 калыс жана жардамчы калыс, 8 VAR оператору даярдалган.
2026-жылдын экинчи жарымында дагы бир топ адистерди окутуу пландалууда.