
Бишкекте балдар искусство мектептеринин окуучулары катышкан «Жаш таланттар» шаардык сынагынын «Ансамблдер» номинациясы өттү. Иш-чара мэриянын Маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Сынакта жаш музыканттар фортепиано, камералык жана аспаптык ансамблдер боюнча өнөр көрсөтүштү. Угуу №9 Балдар искусство мектебинде өтүп, ар кандай курамдагы ансамблдер сахнага чыкты.
Жеңүүчүлөр 18-апрелдеги гала-концертте аныкталып, сыйланышат.