
Бишкек шаарынын мэри “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын айдоочулары менен жолугушуп, коомдук транспорттогу бир катар маанилүү маселелерди талкуулады.

Жолугушууда жол кыймылынын эрежелерин сактоо, жүргүнчүлөрдү аялдамалардан гана түшүрүү жана каттамдагы тартип маселелери өзгөчө белгиленди. Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу зарылдыгы айтылды.
Мындан тышкары, айдоочулардын эмгек акысын жогорулатуу жана коомдук транспортто накталай эмес төлөм системасына өтүү маселеси көтөрүлдү. Учурда мэрия тиешелүү долбоорду иштеп чыгып, аны шаардык кеңештин кароосуна сунуштоону пландап жатат.
Долбоордо жол кирени накталай эмес төлөөгө өтүү каралып, бул транспорт тармагындагы ачыктыктты жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталат. Ошондой эле төлөмдөрдү так эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мындан сырткары, айдоочулардын айлыгын этап-этабы менен 30 пайызга көтөрүү сунушталууда. Бул чаралар кадр жетишсиздигин азайтып, коомдук транспорттун ишин жакшыртат деп күтүлүүдө.