
Бишкек шаарында “Селсаяк” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү маалымдады.
видео
Рейддин жүрүшүндө көчөдө жашаган же өздүгү такталбаган жарандар аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилүүдө. Ал жерде алардын ким экендиги такталып, тиешелүү текшерүү иштеринен өтүшөт.
Мындан тышкары, жарандар сүрөткө тартылып, манжа издери алынып, маалымат базасына катталууда.
Ошондой эле милиция кызматкерлери алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук тартипти сактоо жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча маалымат беришүүдө.