
КР Жаза аткаруу мекемелер кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти Нооруз майрамын белгиледи.
Майрамдык иш-чарада кызматкерлер улуттук каада-салттарды чагылдырган ар кандай оюн-зоокторду уюштурушуп, дасторкон жайылып, улуттук тамак-аштар коюлду.








Иш-чаранын алкагында сүмөлөк бышырылып, кызматкерлер биримдикти жана ынтымакты даңазалашты. Ошондой эле улуттук оюндар өткөрүлүп, катышуучуларга жакшы маанай тартууланды.
Майрамдык иш-чара кызматкерлердин ынтымагын бекемдеп, Нооруздун негизги маңызы — жаңылануу, тынчтык жана береке экенин дагы бир жолу даңазалады.