
Бишкек шаардык милициясы Орозо айт майрамына карата окулган айт намаз учурунда коомдук тартипти 3500 милиция кызматкери көзөмөлдөгөнүн билдирди.
видео
Маалымдалгандай, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү 12 ири мечитте жана Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулган намаздарда тартипти камсыз кылышкан. Айт намазга 100 миңге жакын жаран катышкан.
Бишкекте айт намазга канча жаран катышты?