
Ички иштер министрлиги “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага байланыштуу 4 адам кармалганын маалымдады.
Кармалгандардын катарында 1990-жылы туулган М.Б. аттуу жаран бар. Салык кызматы жарыялаган иликтөөдө анын аты Байгазы Матисаковдун инициалдарына туура келет. Матисаков УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни экени белгиленди.
Бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда, бардык жагдайлар жана башка тиешелүү адамдар аныкталууда.