
Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” маалымдады.
Эскерте кетсек, буга чейин ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана айыл чарба министри кызматтарын аркалап келген. Февраль айында өз каалоосу менен кызматынан кеткен.



