
Ош шаарында баңгизат сатууга шектелген 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2004-жылы туулган Х.А. ири көлөмдөгү гашишти сатууга аракет кылган деп шектелүүдө. Ал «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар жана анын ишенимдүү адамы болгону айтылууда.
Факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.