
Бүгүн, 20-мартта Кызыл-Кыя шаарындагы №1 мектептин от казанында өрт чыкканын ӨКМ билдирди.
видео
Маалыматка ылайык, куткаруучуларга Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан Карбышев атындагы №1 мектептен өрт тууралуу кабар түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 07:05те бир бөлүм тартылган. Жалын болжол менен 50 чарчы метр аянтты камтып, алдын ала маалымат боюнча 40ка жакын таңгап коюлган кургак отун күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок.