
18-мартта өткөн парламент жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматовду кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.
Маалыматка ылайык, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрага орун басары Венера Салямова Маматов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирген.
Жыйындын жыйынтыгында Жогорку Кеңеш бул сунушту колдоп, Кайрат Маматовду БШК мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алды. Тиешелүү токтом бекитилди.



