
Бишкек шаардык милициясы интернет аркылуу алдамчылык жасоого шектелген топтун ишин токтотконун билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттары түшкөн банктык карталардын жана эсептердин ээлери, “дропперлердин” ишин уюштуруп, көзөмөлдөп турган координатор, ошондой эле SIM-карталарды жапырт активдештирген адамдар бар. Аталган SIM-карталар мессенжерлерде аккаунт ачуу жана жарандарга алдамчылык максатында чалууларды жүргүзүү үчүн пайдаланылган.
Жыл башынан бери 180ден ашык жаран аныкталып, милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Алардын ичинен 30дан ашууну кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тергөө иштеринин алкагында уюлдук телефондор, банктык карталар, SIM-карталар жана башка далил буюмдар алынганы айтылды.