
Журналист Али Токтакунов Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловдун журналисттерге айткан сындарына жооп берди.
Токтакунов журналисттер эл өкүлүнөн коркпой турганын, ошондой эле Кокуловдун билдирүүлөрүнүн натыйжасы болбой турганын белгиледи.
“Айтканы ааламды аңтар-теңтер кылып ийгидей Кокулов деген чоң саясий фигура эмес. Жогорку трибунадан 10 мүнөттөн ашык убакыт сүйлөп, ‘журналисттер силер мафия болуп уюшуп алып, мени куугунтуктап жатасыңар’ деп айтты. Бирок журналисттердин бирөө да сенден коркпойт. Эгер корксо, анда ашкананын администратору коркушу мүмкүн. Сен ‘журналист катары айтып жатам’ дейсиң, бирок буга чейин журналисттер камалып жатканда келдиң беле? Борбордук трибунадан сөз эркиндигине басым жасап, өзүңдүн маселеңди көтөргөндөй жүрдүң беле? Демек бизди сындоого моралдык укугуң жок”, — деди Токтакунов.
Ал ошондой эле депутат жаштарды жаман көрсөтүп жатканын белгилеп, мындай аракеттерин токтотууга чакырды.
Эскерте кетсек, бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кокулов трибунадан 10 мүнөттөн ашык сүйлөп, журналисттерди сынга алган. Анын айткандарынан кийин кесиптештери Акылбек Түмөнбаев менен Элвира Сурабалдиева аны жеке маселелерди парламент трибунасында көтөрбөөгө чакырышкан. Кокулов кесиптештерин сөзүн бурмалабоого үндөгөн, бирок парламент төрагасы анын микрофонун сүйлөп бүтө электе өчүртүп салган.



