
Бүгүн, 16-мартта президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик админисьрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча өткөн референдумдун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады. Ал добуш берүү жарандардын эркин билдирүүсүнүн айкын көрүнүшү болуп, коомчулуктун мамлекеттик институттарга болгон ишенимин тастыктаганын белгиледи.
Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандагы процесстерге көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн рахмат айтты. Ошондой эле ал кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин белгиледи.
Телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо келечегин талкуулашты.
Сүйлөшүүнүн соңунда Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди алдыдагы Орозо айт жана Нооруз майрамдары менен да куттуктап, эки өлкөнүн элдерине ынтымак, бакубат жашоо жана өнүгүү каалады.



