
.
Испаниянын борбордук бөлүгүндөгү Толедо провинциясында эки ылдам жүрүүчү поезд кагылышып, кеминде 46 адам каза болгону кабарланды. Кырсык 28-октябрда Урда шаарына жакын жерде болгон.
Испаниянын жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, кырсыкка мамлекеттик Renfe компаниясына таандык AVE поезди жана жеке Iryo компаниясынын поезди катышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, поезддердин бири экинчисинин артынан келип сүзгөн. Кагылышуунун кесепетинен бир нече вагон рельстен чыгып, алардын айрымдары темир жолдун жанындагы эңкейишке кулап кеткен.
Кырсык болгон жерге куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр жана медициналык кызматкерлер жөнөтүлгөн. Жабыркагандарга жардам көрсөтүлүп, куткаруу иштери уланууда.
Окуядан улам Мадрид менен Андалусия аймагын байланыштырган жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамы убактылуу токтотулган.
Кырсыктын так себеби азырынча аныктала элек. Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалыматтар такталып жатат.
Белгилей кетсек, Reuters агенттиги акыркы кабарында бул кырсыктан кеминде 30 адам каза болгонун жазган. Испаниянын айрым жергиликтүү басылмалары болсо каза болгондордун саны 46га жеткенин билдиришүүдө.