
Сиз ChatGPT чат-ботуна жөнөткөн ар бир сурооңуз эч кандай чыгымсыздай сезилиши мүмкүн. Бирок чындыгында, жасалма интеллект иштеши үчүн эбегейсиз көп жаратылыш ресурстары талап кылынат. АКШ изилдөөчүлөрү ChatGPT иштеткен сервердер канча суу жана электр энергиясын керектээрин эсептеп чыгышты.
Аналитиктердин эсеби боюнча, GPT-3 тил моделинин базасында ChatGPT'ни түзүү жана үйрөтүү үчүн гана күнүнө 700 000 литр таза суу сарпталган.Бул болжол менен 5 000 калкы бар чакан айылдын бир күндүк керектөөсүнө же 320 даана Tesla электромобилин чыгарууга кетет.
Жасалма интеллекттин сууну мынчалык көп колдонуусунун негизги себеби — серверлерди муздатуу. Сервердик борборлор ашыкча ысып кетпеши үчүн дайыма таза, ичүүчү суу менен муздатылып турат.
2023-жылдын февраль айындагы маалыматка караганда, ChatGPT сайтына күнүнө 13 миллион колдонуучу кирет (секундасына 150 адам). Колдонуучулардын бардык суроолорун сууга айландырып эсептесек, эбегейсиз чоң масштабдагы жаратылыш ресурсу кетип жатканын көрүүгө болот.
Microsoft компаниясынын билдирүүсүнө караганда, ChatGPT'тин татаал эсептөөлөрү үчүн 10 000 видеокартадан жана 285 000 процессордук өзөктөн турган атайын суперкомпьютер колдонулат. Бул техникалык гигантты иштетүү үчүн су суудан сырткары абдан көп электр энергиясы талап кылынат.
Кыскача жыйынтык: Жасалма интеллект турмушубузду канчалык жеңилдетпесин, анын ар бир жообунун артында олуттуу экологиялык баа жана жаратылыш ресурстарынын чыгымы турат.