
.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев түшкү тамакка акчасы жетпей жатканын айткан муниципалдык кызматкердин аракетин сынга алды.
Мэриянын маалыматына караганда, ишкерлердин бири аталган кызматкерге түшкү тамак үчүн 5 миң сом которгон. Учурда бул окуя боюнча жана муниципалитеттин кызматкерлерине байланыштуу дагы 44 факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Айбек Жунушалиев мындай мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле ал шаар тургундарын муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталса, мэрияга кабарлоого чакырды.
Маалымат берүү үчүн: 0312 97 91 95, кошумча номерлер — 0602 жана 0603.







