
.
2026-жылдын 15–24-октябрь күндөрү «Кыргызсуудолбоор» ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы Эрмек Дурусалиев башында турган делегация Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында Нанкин шаарындагы Хохай университетинин жана Чжэнчжоу шаарындагы Түндүк Кытайдын Суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Хохай университетинде кыргыз делегациясы суу кырсыктарынын алдын алуу, суу чарбасы, гидроэнергетика жана жээктеги кырсыктардан коргонуу багыттарында иш алып барган илимий лабораториялардын жана практикалык даярдоо борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Тараптар «Кыргызсуудолбоор» АККнын студенттерин жана кызматкерлерин Кытайда окутуу, тажрыйба алмашуу жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Иш сапардын маанилүү жыйынтыктарынын бири — «Кыргызсуудолбоор» АКК менен Түндүк Кытайдын Суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлушу болду.
Документ суу чарбасы жана гидроэнергетика тармактарында тажрыйба алмашууга, квалификациялуу адистерди даярдоого, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана алдыңкы технологияларды өздөштүрүүгө багытталган кызматташтыкты өнүктүрүүгө негиз түзөт.
Бул иш сапар эл аралык өнөктөштүктү чыңдоого, илимий-билим берүү байланыштарын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын суу чарбасы тармагына заманбап технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.







